Парламентте Толкунбек Абдыгулов бийликтин "эрке баласы" деп аталды

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралды. Депутаттарды Абдыгуловдун бат-баттан кызмат которуп жатканы кызыктырды. Абдыгулов бул сунуш президент Сооронбай Жээнбеков тараптан болгонун айтып, сунушту кабыл алганын билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков (КСДП) Абдыгуловду бийликтин "эрке баласы" деп атады. "Эки ай мурун эле президент сунуш берип биринчи вице-премьер-министр кызматына бардыңыз эле. Кийин кайра вице-премьер кызматына бардыңыз. Мындай айтканда, бийликтин "эрке баласы" болдуңуз. Сизге чоң ишеним көрсөтүлгөн. Бирок биринчи вице-премьер-министр катары да андан кийинки кызматыңызда деле бир ишиңиз менен көрүнө алган жоксуз.

Болгону анекдот аралашкан баңгизат жөнүндө айткан сөзүңүз менен эсте калдыңыз. Мен таң калам да бийликтин кадр саясатына. Же сизге Улуттук банкты 49 жылга ижарага бериш керек болуп калды, Кызыл китеп жазып эле. Кубанычбек Кулматовго Бажы кызматын берели. Айланып эле ошол кызматка келесиңер, сизден башка банк кызматкери жокпу өлкөдө?" - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
RusMos76
2017-12-21 11:30:25
Туура да -шахмат! Канча адам олтурат илимду билимдуу!
+10
KUBI
2017-12-21 12:05:41
Мен кечее момбековду жаман кордум эле, бугун чындыкты айтыптыр.Баракелде.
+9
kechirmeni
2017-12-21 12:08:18
Ушу Момбеков да реально суйлойт коркпой
+5
Rajab
2017-12-21 12:35:08
Момбеков мужик!
+6
KGstan1981
2017-12-21 13:32:15
Момбеков Атамбаевчил КСДПнын мучосу болсо дагын бийликтегилерге коркпой катаасын айтып туурат.
+2
Jyrgal_msk
2017-12-21 15:04:43
К.Кулматов менен Т.Абдыгулов президенттен кем эмес майлуу жерлерди ээлеп калышты.Алтын балык кармап албады бекен?Бир ишкананы жеп бутуп,кайра эле майлуу жерге барып атышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан