КҮНСЕРЕП: Мадумаров Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн кол топтойт

Бүгүн, 21-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Адахан Мадумаров Кыргыз өлкөсүн 1993-жылкы Конституцияга кайтаруу аракетинде. Саясатчы Конституциялык реформа жасоо үчүн кол топтомокчу. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Кыргыз Республикасы президенттик башкарууга кайтышы керек, 1993-жылы кабыл алынган эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясы идеалдуу болчу деген ойдо.

Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү 300 миӊ шайлоочу демилгелей алат. Экс-депутат Равшан Жээнбеков Мадумаров кол топтобосо деле өлкөдө күчтүү президенттик бийлик иштеп жатканын айтат. "Биз азыр парламенттик башкарууда жашап жатабызбы? Парламент маселе чечип жатабы?" - деп суроо салат экс-депутат.

Президенттик шайлоонун алдында Адахан Мадумаров "шайлоонун эртеси эл менден эмнени талап кылса, аны жасайм" деген. Шайлоодо КСДПнын талапкери жеӊди, коомчулукта Акаев менен Бакиевдин тушундагы шайлоолордо боло жүргөн күчтүү нааразычылыктар көрүнгөн жок. Бул жымжырттыкты Мадумаров элдеги кайдыгерлик деп эсептейт. Саясатчы "мамлекетке 3,5 миӊ доллар зыян келтирди" деп депутат Алмамбет Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылып, ал эми импорттук буудайдан салыкты алып салуу жөнүндө мыйзамды кабыл алып өлкөгө 680 миллион сом зыян келтирген Жогорку Кеӊештин депутаттары жазасыз калганын айтат. "Жоопкерчиликти эл өзү да көтөрүшү керек", - дейт саясатчы.

Адахан Мадумаров – өлкөдө туруктуу электоратка ээ саясатчы. Шайлоолордо башкалардан айырмаланып миллиондорду коротпой, тили, сөзү, көптөн бери өзгөртпөй келе жаткан принциптери менен добуш алат. Бирок ал добуштар Мадумаровду парламентке да, президенттикке да жеткире элек. Жакынкы шайлоолор анын колдоочуларынын көпчүлүгү Орусия менен Казакстанда жашап, иштеп жүргөн мекендештер экендигин көрсөттү. Алардын негизги көйгөйүн чечүү максатында Мадумаров Орусиядагы Кыргыз жарандары үчүн кош жарандуулукка уруксат берүүнү сунуштап жүрөт. Жарым миллион Кыргыз атуулу Орусия жарандыгын алганын, бул Кыргыз мамлекети үчүн жоготуу экенин айтат. Кош жарандыгы бар Кыргыз жарандары мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. Мадумаров айтып жаткан сунушту 3 жыл мурун "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев дагы көтөрүп чыккан. 2014-жылы Текебаев чет өлкөдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргыз жерине кайтып келгенден кийинки жашоосуна шарт түзүүчү мыйзам долбоорун сунуштап Жогорку Кеӊештен колдоо таппай калган. Ал мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болмок. Алардын жергиликтүү бийлик органдарында кызматтарды ээлешине да жол ачылмак.

Өлкө тарыхында 300 миӊ шайлоочунун демилгеси менен Баш мыйзам өзгөртүлгөн учур болгон эмес. Башмыйзам колунда бийлиги барлардын каалоосу менен гана өзгөртүлүп келе жатат. Андыктан Мадумаровдун бул демилгеси өзүнүн бар экендигин билдирип коюу аракети катары гана көрүндү...

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев НТС телеканалы боюнча маселе көтөрдү. Депутат НТСтин мүлктөрү 20 жылга кесилип, эл аралык издөөдө жүргөн адамдын фирмасынын арызы боюнча камакка алынышын сындады.

Талкуу чордонунда турган НТС телеканалынын тарыхы кандай? Ишкер Валерий Хон Кыргыз Республикасы эгемендик алган жылдары "ВОССТ" аттуу телеканал ачып, кийин жабылып калган. 2002-жылы аталган телеканалдын базасында "Аянт" ишканасы жаӊы телеканал - НТСти негиздеген. Бул компаниянын 40 пайызына Бабановдун жакындары ээлик кылган. "Аянт" ишканасы бүгүнкү НТСтин айланасындагы чырда жоопкер тарап. "Grexton capital LTD" компаниясы эчак жоюлуп кеткен “Аянтка” салынган 2 миллион 457 миң доллардык инвестицияны кайтарып алуу үчүн сотко кайрылып, сот НТСтин мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгарган. Телеканалдын окуясы буга чейинки эркин ММКга байланыштуу ишти эске салып жатат. “Вечерний Бишкек” гезитинен Александр Ким да ушул өңдүү сценарийде кол жууган...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан