Жанар Акаев: "100 күндө өкмөт эч нерсе жасай алган жок, карапайым калк сезе турган бир да реформа ишке ашкан жок"

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралды. Депутат Жанар Акаев өкмөттө кадрлардын тынымсыз кызмат которушун "жоопкерсиздик" деп атады.

"Мен жалпы өкмөттүн кадр маселеси тууралуу айткым келет. Кыргыз өкмөтүнүн тарыхында кадрларга мындай жоопкерчиликсиз мамиле жасаган өкмөт башчы болбосо керек. Ай сайын кызматкерлерди ал жактан бул жакка которот. Өкмөттүн тагдыры мындай болбошу керек. Реформатор жаш кадрлар келди дедик эле бүгүн алардын баары бир-эки айга жетпей кетип жатат. Кайра тажрыйбалуу кадрларды парламенттен алып кетип жатат. Жакында өкмөт башчы маалымат берип жатып "100 күн биздин ишибиз өкмөттүн иши менен таанышууга кетти" дейт. Өкмөт андай болбошу керек, даяр программа менен иштейбиз деп келиши керек", - деди Акаев.

"Бүгүн өкмөттүн "Жаңы доорго 40 кадам" программасынын бир кадамы да ашкан жок. 100 күн өттү, бүгүнкү өкмөт келгенден бери карапайым калк сезе турган бир да реформа ишке ашкан жок. Бир да жакшы жылыш жок азыр. Андан жөн эле чыгып алып өздөрүнө өздөрү пиар жасайт. Ошондо мамлекеттик каналдан чыгып, "мына жаштар келди" деп ар бирине токтолуп айтышкан. Элдин үмүтү азыр жаштарда. Бүгүнкү иштер элдин башка жаштарга болгон үмүтүн да өчүрүп койбошу керек. Реформа десе биз эми акырындык менен реформа жүргүзөбүз дейт. Дүйнөлүк практиканы карагыла, реформа жасаган өлкөдө "акырындык менен секин секин" деген түшүнүк болбойт. Реформа деген катуу, ыкчам жасалышы керек. Эл аны сезгендей болушу керек", - деп кошумчалады Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
kechirmeni
2017-12-21 12:07:18
Мага чиновниктерди местолорго коюп акчасын алып аткандай эле сезилип атат
+2
Too-tash
2017-12-21 12:16:03
"Балашка" жакшы же жаман экени башка маселе...

Бирок ал айткандай Окмот эшектин тушоосун чечууго да жарабаганы, бул факт!!! Башканы коюп жол кыймылы коопсуздугу боюнча канча жыйын откорду, бир да жыйынтык жок!!! Сапар Исаков 3-кочмондор оюнун откорот имиш!!! Оюн-тамаганы коюп иш кылбайбы?!! Кайсы ишти кыйратты, кана ким санап бере алат?!!

+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-21 12:17:49
Эми башкаларга окшоп тымпыйып мандатымды алып койбосун бизнесимден айрылып калбайын деп отурбайт. Дан дан эле айтат. Номур 2 теке десек болот негизи айбаланыз тиги алсыз немелер сыраз эле камап салышат сиздей кучтуу депутаттарга туруштук бере алышпайт.
+9
Rajab
2017-12-21 12:23:26
Жарайсын Жанар Акай колунан келбесе да кемчиликти бетке туура айткан адам керек ал учун дух керек
+4
kechirmeni
2017-12-21 12:27:37
Жанар Азамат! Учурунда АШАга тике турган башкалары чепуха, 120сынын баары ушудай болсо гана
+1
Mers124
2017-12-21 13:05:29
Жанарды колдойм
+2
KGstan1981
2017-12-21 13:29:20
Азыркы Кыргызстандагы кучтуу оппозиционерлердин бири бул камакта олтурган Омурбек Текебаев, Адахан Мадумаров жана Жанар Акаев.Аллахым озу силерди колдоосун Оомийн.
+1
saparu
2017-12-21 14:37:38
Депутат деген ушундай болуш керек
+4
JaneEr
2017-12-21 14:54:08
Озу эмне кылды депутат болуп?Бардык депутат окшош эле оздорун ойлойт.Бул Жанар Акаев каедай ойдо айтып жаткт бир кудпёай билет.Всё умеют кррасиво говорить а не делать...Пустые слова,пустые обещания.
-2
bekov01
2017-12-21 17:10:10
JaneEr,кыргызсынбы кыргызча жаз! Жанар азамат! Калган 119у дагы суйлоп койуп турсанар кичине
0
Aznazalai
2017-12-21 18:17:56
Заманына жараша балашкалар катуу чыкты
-1
bakulya2015
2017-12-21 21:26:12
Жакшы жигит ушул. Бул инсанга колдоо жана ишеним керек болсо керек а
+2
PUM.PUM.KG
2017-12-21 22:05:06
Колунан эмне келди дейсинер. Унутпагыла бул бизнесмен эмес ар бириндин уйуно барып туалет курдуруп бергидей. Карапайым уй булоодон чыккан мыкты жигит. Оз милдетин так, даана аткарып жаткан анык депутат. Кнопка баскыч роботтордун катарын толуктабай, акты ак, краны кара деп ачуу чындыкты бетке айтып келет азамат. Ишенип корсотуп министирликке алып келсе мыкты иштерди жасап Н. Исанов сыяктуу тарыхта калаарына шегим жок. Себеби Азаттыкка журналист катары келип озун мыкты денгээлде корсото алган.
+2
akonia
2017-12-22 00:00:13
Бул бала депутат болгонго чейин журналист болчу ошондо деле курс маселелерди алып чыгат эле азыр деле аркасына кайта элек ушунусунан жазбаса кыргыз учун керек бала бирок жалгыз оппозиция болуп калды окшойт
0
Adiletgo
2017-12-22 11:33:44
Жанар Акаевдин Омурбек Текебаевдикиндей алдын ала короогочтук характери бар да бирок мени капа кылган Мелис Мырзакматовду сындай коюп.
0
Aznazalai
2017-12-22 12:16:34
Ичи тар бала э ушул.бироонун ийгилигин коро албайт таптакыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан