ЖЫЛНААМА, 21-ДЕКАБРЬ: Мындан 36 жыл мурун Кыргыздын белгилүү актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева көз жумган

Сахна ханышасы, таланттуу театр жана кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмүнүн чыныгы себеби белгисиз, бирок көптөгөн божомолдор айтылып жүрөт.

Актриса 1944-жылдын 12-июлда Нарын облусунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Өз айылында жайгашкан орус мектебин аяктаган. Актрисанын алгачкы ролу болуп "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмадагы жараткан ролу эсептелет. Бул тасмага актриса 1960-жылы 16 жашында тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырган. Ал эми 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.

Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыздын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Бекеринен актрисаны "сахнанын ханышасы" деп аташпаса керек. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан.

Актриса кинодо өлбөс-өчпөс образдарды жаратты. “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Ак Мөөр”, “Ак куулар конгон айдың көл” тасмаларында ролдорун укмуштуудай ойногон. Уркуянын образы Таттыбүбүнүн кинодо түзгөн образдарынын эң алдынкысы деп эсептелет. Актрисанын оргуштап төгүлүп турган таланты, көрк-келбети Уркуянын образынын тереңдеп ачылып берилишине өбөлгө түзүп, фильмдин көркөмдүк деңгээлин жогорулаткан.

Аз жашаганына карабай искусствонун даңгыраган жолунда өз изин калтырып кете алган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына актриса менен коштошууга көп эл келген. Жаш болгону менен аз эле убакыттын ичинде көптөгөн элди өзүнө багынтып, тартып алган. “Отко таазим” фильминде обкомдун секретары менен арабада кетип бара жаткан жерин тартып жатканда Таттыбүбүгө суктанып тамшанбаган адам калбаган.

Кыргыз эл артисти, белгилүү Сабира Күмүшалиева Турсунбаеванын кандай асыл, назик жан экенин эскерип төмөндөгүлөрдү айтканы бар: "Мен муну ойноймун” деп бирөө менен роль талашканын, бирөө менен айтышып жатканын, бирөөгө бир ичи тарлык кылганын эч бир уккан жокмун. Анткени бул өзүнүн талантын, өзүнүн бийиктикте экенин билчү. Таттыбүбү бала кыял, ичи кенен, бардык адамга жакшылык кылган, эч кимге эрегишпеген адам эле. Мунун бир оозун кыйшыйтып, эркелеп турганы адамды элжиретип жиберчү. Аткарган ролдоруна карата ачууланып сындап койгон учурларда таарынып, тултуюп калгандын ордуна эмнегедир эркелеп, адамды ээритип сүйлөп жиберген жагымдуу мүнөздөрү бар эле. Бул актриса кайра келбес жакка эрте кетип калды. Мына ушуга биз өкүнөбүз", - деп эскерген.

21-декабрдын жылнаамасы.

.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aruwka.89
2017-12-21 16:23:14
Эх азыр деле суктанам мен Сулуулугуна
Кайталангыс Сулуу да!!!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан