Аида Салянованын иши карала турган соттук отурум анын ооруп калганына байланыштуу кийинки жумага жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, бүгүн боло турган соттук отурум Салянованын ооруп жатканына байланыштуу 25-декабрга жылдырылган.
Кечээ, 20-декабрь күнү Салянованын иши каралып жаткан соттук отурум түштөн кийин уланмак. Бирок анын ооруп калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.