Каныбек Иманалиев: "Өлкөбүздө сотко болгон ишеним Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине түшүп калды"

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев өлкөдө сотторго болгон ишеним өтө төмөн экенин айтты. Эл өкүлү мындай пикирин Жогорку Кеңеш сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын бекиткен учурда билдирди.

"Изилдөөлөр боюнча элдин эң көбү биринчи кезекте сотторго нааразы болушат. Эл аралык көрсөткүчтө биз артка кеттик. Сотко болгон ишеним Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине келип калды. Сот кыргыз элинин укугун, кадыр-баркын коргогон орган эмес, коркунуч келтирген органга айланып калды. Биз акыркы он айдан бери "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар сотко барып жүрүп биздеги биринчи көйгөй сот маселеси экенин көрдүк", - деди Иманалиев.

Андан соң ал сотторду тандоо кеңешине кайрылып: "Сиздер ушуну менен сот тандоо кеңешиндеги үчүнчү курам. 2010-жылдан бери артка кеттик. Акыркы учурда соттор укуктук эмес, саясий чечим чыгарганга өтүштү. Бул мамлекеттин туруктуулугу үчүн эң чоң коркунуч. Анткени мамлекеттин өзөгүн, өкмөт, парламент эмес, сот кармап турат", - деди депутат.

Мындан тышкары Иманалиев соттордун жоопкерчилигине карата мыйзамдарды иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.

"Кийинки жылдын жаз айларынан баштап сотторду тандоо кеңеши, тийиштүү комитет, президенттик администрация биргеликте мындан ары сотторду тандоонун жаңы критерийлерин иштеп чыкпасак, сот органы Кыргыз өлкөсүндөгү эң коркунучтуу орган болуп кала берет. Адамдын тагдыры менен ойноп, саясий чечим кабыл алган соттор 20 жылдан кийин болсо да жазасын алышы керек. Болбосо мындай абал улана берет", - деп кошумчалады Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Holboeva92
2017-12-21 13:06:23
Ооо туура кылат. Сотторду козомолдобосо адамдым тагдыры алар учун эч нерсе болбой калды, ким кобуроок акча берсе ошонукун туура кылып коет.
+10
KGstan1981
2017-12-21 13:23:34
Ошону учун оппозиядагылар болунбой.Бирин камаса чекеде карап олтурбай.Бир кучтуу муштум болуш керексинер.Болбосо бул Атамбаевтик бийлик баарынарды сот аркылуу камап салат.
+8
Jelezo
2017-12-21 13:33:23
Революциянын чыгышына сот,менен прокуратура,күч органдары себеп болуп келе жатат анан эле президенттерди кубалап аларды алып калабыз биринчи ушуларды камакка алып бирден текшерип таза болсо бошотуп таза эместерин камап үй мүлкүн мамлекетке алуу керек болчу
+9
souza.j
2017-12-21 13:54:08
Соттор аман эле болсун ункурдун да тубу бар го ,булардын тубу жок чиркин. Жутуп жиберет
+5
Azatbek83
2017-12-21 14:31:22
Сотторго кан менен келген бийликке наалат!!!!!
+7
KUBI
2017-12-21 14:58:48
Каттуу козомолго албаса болбой калды.Ооруну жашырса олум ашкере кылат дейт.
+2
Dalil
2017-12-21 15:32:06
Соттордун девизи "бийлик жана чөнтөк үчүн!" Тилекке каршы көпчүлүгүнүн девизи ушундай. Таза иштегендерин күндүзү фонарик менен араң табасын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан