Жогорку Кеңеш сотторду тандоо боюнча кеңештин курамын бекитти

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” токтом долбоору каралды.

Сунушталган талапкерлер боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков баяндама жасады.

Парламенттеги коалиция көпчүлүгү мүчөлүккө үч талапкерди сунуштады. Алар: Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова.

Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясы Алтынбек Кубатбековдун, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Гүлжан Кошокованын, “Ата Мекен” фракциясы Алмаз Калбаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Соттор кеңешинен Шералы Камчыбеков, Элмира Барыктабасова жана Ирина Горшковскаянын талапкерлигин сунуштады.

Кеңештин курамына сунушталган талапкерлерди бекитүү боюнча токтом долбоору кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан