Жаза аткаруу кызматынын башчысы Сапар Исаковго 2017-жылы кандай иштер аткарылганын айтып берди

Премьер-министр Сапар Исаков 20-декабрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) 2017-жылдын 11 айы үчүн ишинин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы кылмыш-жаза аткаруу тутуму мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү болуп, кылмыш-жазаны аткаруу тармагындагы укук колдонулуучу функциялардын ишке ашырылышы, мекемелердеги укуктук тартиптин жана мыйзамдуулуктун камсыз кылынышы өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жоопкерчиликтүү маселелерге кирет деп белгиледи.

ЖАМКтын төрагасы Таалайбек Жапаров кызматтын мекемелеринде бүгүнкү күндө 10 миңден ашык адам кармаларын маалымдады. Ошондой эле анын айтымында, республикалык бюджет эсебинен өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн №19-Атайын комплекс мекеменин экинчи корпусу курулуп жатат. Андан тышкары кылмыш-жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Таалайбек Жапаров учурда ЖАМК мекемелеринде "Келечек" мамлекеттик ишканасынын 9 филиалы иштеп жатат деп билдирди. Андан тышкары 3 түзөтүү мекемесинде жана 10 жатак абакта өндүрүш участкалары иштеп жатат.

Кеңешменин жыйынтыгында Сапар Исаков ЖАМК жетекчилигине эркинен ажыратылган аймактарда коопсуздукту күчөтүү, ошондой эле аталган кызматтын кадрдык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө чараларын көрүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы мекеме тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштерди активдештирүүнү жана ЖАМК мекемелериндеги өндүрүштүн ички дүң продукциясынан түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча катуу көзөмөлдү камсыз кылуу тапшырмасын койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан