Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин Бакытбек Мураталиев аткарат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына аталган фонддун басма сөз катчысы Махабат Мансурова билдирди.
23-ноябрда аталган кызматка дайындалган Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн отставкага кетти.
Мураталиев 1977-жылы 23-февралда Москва шаарында туулган. Ал 1999-жылы Кыргыз мамлекетиндеги эл аралык университеттин юридикалык факультетин аяктаган.
1999-2000-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун экономикалык тармактагы ишканаларды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2000-2001-жылдары аталган фонддун стратегиялык жана өнөр жай объекттерин менчиктештирүү башкармалыгынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2001-2002-жылдары фонддун өнөр жай объекттерин менчиктештирүү бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси;
2002-2007-жылдары фонддун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетектөөчү адиси;
2007-2012-жылдары аталган комитеттин директорунун орун басары;
2012-жылы фонддун түндүк аймактык башкармалыгынын башчысы;
2012-2017-жылдары фонддун мүлктөрдү пайдалануу боюнча башкармалыгынын башчысы;
2017-жылдын 31-январында аталган фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Ал Талас облусунун экс-губернатору Байымбет Мураталиевдин баласы.