"Apple" компаниясы iPhone уюлдук телефондорунун эски моделдеринин иштөөсүн атайылап төмөндөтүп коюшат. Мындай маалыматты аталган компаниянын басма сөз кызматы тараткан.
Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөр смартфондун аккумуляторунун жакшы иштөөсү жана тез эле өчүп кала бербеши үчүн жасалат. Алардын айтымында, колдонуучулар мындай өзгөрүүлөрдү байкабай деле калышат.
"Биз бул функцияны былтыр iPhone 6, iPhone 6s жана iPhone SE үлгүсүндөгү телефондорго киргизгенбиз. Жакында iOS 11.2. жаңылануусунун чыгышы менен iPhone 7 үлгүсүндөгү смартфондордун иштөөсү азайтылат", - деген компаниянын басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин көптөр "Apple" компаниясы жаңы уюлдук телефондорун чыгарган сайын эски моделдердин иштөөсүн атайылап төмөндөтүп коё турганын айтып келишкен.