Бишкек шаарындагы бала бакчада 2 жаштагы наристеге зомбулук көрсөтүлдү деген маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Маалыматты Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Ага ылайык, бүгүн, 5-ноябрда милицияга аталган окуя боюнча маалымат түшкөн. Учурда баланын денесине келтирилген жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.