Чүй облусунун Токмок шаарында унаалардан чыккан зыяндуу заттардын абага тийгизген таасирин азайтуу максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн,5-ноябрда Жаратылыш министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, текшерүү учурунда 5 унаадан абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемден ашып кеткени аныкталды. Аталган фактылар боюнча айдоочуларга жалпы 53 миң сом айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.