Парламентте Ош-Стамбул аба каттамы эмнеден улам токтотулганы айтылды

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев Түрк компаниясы ички кризистен улам Ош-Стамбул аба каттамын токтотконун айтты. Ал депутат Кубанычбек Нурматовдун суроолоруна жооп берип жатып буларга токтолду.

"Биз Түркиянын "Turkish Airlines" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Учурда аларда кандайдыр бир кризис болуп жатыптыр. Ошондуктан алар каттамды токтотушканын айтышты", - деди Мамыркалиев.

Депутат Нурматов каттамдын токтотулганы боюнча толук себептерди тактоо иретинде протоколдук тапшырма берүү демилгесин сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MAKALAK
2017-12-21 17:06:55
Жургунчу аз актабайт да Оштон
+1
aika0906
2017-12-22 00:17:08
жумасына 2 жолу кылса еще как актайт. туштуктон турцияга учкан адам толтура.
+1
iaau
2017-12-22 06:32:31
Суйлошпой эле суйлоштук деп урдуруп койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан