Айрым аймактарда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди саатына жана күнүмдүк ижарага берүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 1-окууда каралды.
Демилгечи депутаттардын айтымында, бул долбоор аркылуу кээ бир региондордун жарандарына көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жайларын мейманкана катары колдонуп пайда көрүү жагы сунушталып жатат. "Мисалы, Ысык-Көлдө айрым тургундар өзүлөрүнүн көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жайларын мейманкана катары колдонуп жандарын багып келет. Мындан тышкары Сары-Челек, Арстанбап жана башка туристтик аймактардын жашоочулары өзүлөрүнүн көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жайларын мейманкана катары колдонуп пайда көрүшөт", - дешет долбоордун авторлору.
"Ушуга байланыштуу туристтик аймактарды аныктап, ал жердин жарандары өзүлөрүнүн көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жайларын мейманкана катары колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, биздин жана чет өлкөлүк туристтерге убактылуу турак жайларды жалдаганга ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз шарттар түзүлөт", - дешет депутаттар.