Көк бөрү салттуу ат оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан киргизилиши жалпы кыргыз эли үчүн зор жетишкендик. Бул тууралуу 20-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Көк бөрү салттуу оюнунун номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топту сыйлоо аземинде айтты.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясына, өлкөнүн көк бөрү федерациясына жана көк бөрү боюнча улуттук курама команданын спортчуларына улуттук оюнду жайылтууга, кыргыз тарыхын жана маданиятын даңазалоого кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.
"Бул жетишкендик жалпыбыз үчүн чоң жеңиш болуп саналат, биз сиздерге абдан ыраазыбыз. Мен сиздер мындан ары карай да өлкөбүздүн атын алыска чыгарган бул сыяктуу демилгелерди алга жылдырууңуздарды каалайм", - деди Исаков.
Премьер-министр белгилегендей, өкмөт өз тарабынан мындай демилгелерди ишке ашыруу үчүн колдон келген көмөгүн берүүгө даяр.
"Мен биздин спортчуларга жаңы ийгиликтерди, анын катарында эл аралык аренадагы жетишкендиктерди каалайм. Келерки жылы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт жана жалпыбыз сиздердин жаңы жеңиштерге күбө болобуз деген ишенимибиз бар. Сиздерге ар дайым өлкөбүздүн желегин бийик көтөрүп жүрүүңүздөрдү каалайм", - деди ал.
Иш-чаранын соңунда өкмөт башчы "Көк бөрү – салттуу ат оюну" номинациясын ЮНЕСКОнун тизмесине көрсөтүүгө жана ага даярдык көрүүгө салымын кошкон жумушчу топтун мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн алкыш каттарды тапшырды.