Депутат өз кесиптештерин мыйзамга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында батирлерди бир канча саатка жана күнүмдүк ижарага берүүгө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланууда.

Бир жыл мурун депутат Кожобек Рыспаевдин (КСДП) демилгеси менен батирлерди ижарага берүүгө тыюу салынган болчу. Өкмөт өз учурунда Рыспаевдин сунуштаган демилгесине каршы болгонун эске салды. Жыйында депутат Алтынай Өмүрбекова ("Республика-Ата Журт") парламентте мындай окуялар көп болуп жатканын айтып, депутаттарды мыйзамдарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

"Мен кесиптештеримди да, өкмөттү да чакырат элем. Бизде ушундай бир маселе жаман адатка айланып баратат. Мыйзамды эч бир эсеби жок бат кабыл алабыз, анан кайра эле өзгөртүүлөрдү алып келебиз. Мыйзамга биздин мамилебиз салкын болуп калды. Улуу Британияда бир жылда 30 мыйзам кабыл алынат экен. Биздин парламент 300дөн ашык мыйзам кабыл алып жатат. Абдан жеңил кабыл алабыз, бир айга жетпей кайра өзгөртүүнү сурайбыз. Мыйзамдар менен мындай мамиле кылган жарабайт. Тыюу салуу менен маселе чечилбейт, шарт түзүү жолу менен гана маселе жолго коюлат", - деди Өмүрбекова.

Депутат Акылбек Жапаров ("Бир-Бол") да бул маселеге кайрылып, мыйзам чыгарууда өкмөт менен Жогорку Кеңеш бир максатты көздөшү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан