Лунара Мамытова: "Жаңы мыйзам боюнча 30 миңдей бала жөлөк пул албай калышат"

"Учурда жөлөк пул алган 30 миңдей бала жаңы мыйзам күчүнө кирсе жөлөк пул албай калышат", - деп бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова билдирди.

Анын айтымында, "Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө нааразы болгон жана колдогон тараптар бар.

"Өкмөт жөлөк пул боюнча жаңы мыйзамдагы сүйүнчү пулду калтырып, калганы 3 айга чейин бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзам менен кете беришин сунуштады. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында каралат. Нарын шаарынын тургундары киргизилген өзгөртүүгө нааразы болуп жатат. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы. Бүгүнкү күндө жөлөк пул алып жаткандар жаңы мыйзам 1-январда күчүнө кире турган болсо албай калышат. Бирок жаңы мыйзамдын жакшы жери документтер жөнөкөйлөштүрүлүп, коррупция жоюлмак. Бул мыйзамды колдогондор дагы бар. Маселе боюнча нааразы болгон, колдогон тарапты угуп, талкуу жүргүзүлөт", - деди Мамытова.

Эске салсак, Нарын шаарынын тургундары жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө нааразычылыгын билдирген.

Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
saparu
2017-12-21 16:34:32
Жакшы жери карупция жойулмак деп койот, силер жолок пулга тийбей эле башка жактагы карупциянарды жок кыла бергиле
+5
deva
2017-12-21 16:35:50
Толуктап, такта анан элге таратпайт беленер андай болсо, элдин баарын дурботпой. Негизи 3 жашка чейин жолок пул берсенер жакшы болмок, аны-мунусуна жарап турмак. 3 жаштан кийин бала садикке барганга жарап калат, энеси иштейт дегендей
+3
Miru
2017-12-21 16:37:45
Ошондо Атамбаев экс болоору менен анын кабыл алып кол койгон, аткарган аракеттери бир айдын ичинде эле жокко чыгарылдыбы? Молодец Соке эми Алмазды чык эшике деп Кыргызстандан кууп чык. Досум досум деп коем досумдун нанын жеп коем дарбыз коон бышканда иди пошел деп коем. деген ушундай болот. Кайран АША кала берди танк алдында тепселип
+3
saparu
2017-12-21 16:41:58
Бул мыйзамга менда каршымын азыркы учурда коптор 2,3 балалуулар анын бирооно кана беребиз деп жатат бул деген жолок пул берилбейт дегени, ансыз да салыктын турлору кобойду
+1
saparu
2017-12-21 16:45:44
Менин 2 уком жана 1 балам жолок пул алат жаны мыйзам ишке кирсе албай калабы ошондо
+2
JaneEr
2017-12-21 17:00:40
Балдардын ырыскысына тийбей эле койбойбу.Ошо менен бюджет байып кетеби?120 депутатты кырскатса жакшы эле ошондо анык элге пайда болмок
+1
TalaCSKA
2017-12-21 17:42:38
Учунчу баладан деп туура эмес кылышат жок дегенде экинчи баладан кылса а то эки эле баласы бар жакыр жашаган семьялар толтура.
0
Adylbek.Ardak
2017-12-21 18:32:14
Kyirattynar,30 min balanyn akchasyn kyskartyp.2 balanyn posobiasyna jawagandar bar,deputat dep koiobuz dagy siler aiyl jerindegi jawoonu kaidan tuwunmok elener. Jaiynda kuruluwka iwteit keebirolor kywynda toktoit jumuw,baldardyn akchasyna da kun orkorgondor toltura.Korrupsia uwul posobiany azaityp koisonor ele toktop kalgydai onoi nerse bele.Korrupsianyn toktoboi turganyn bilesiner da siler,any toktotkongo bawka nerse oilop tapkyla,aldygy bawynardy ne kotorup jurosunor.
0
Zanzibara
2017-12-21 19:40:19
Элди алдап "мыйзамдын жакшы жагы документтер жөнөкөй болуп, коррупция жоюлмак" - деп элдин кулагына уялбай кесме илип жатканын ййолки :)) качан бизде коррупция жоюлчу эле ия)) атаңа бар энеңе бар, эртең кел, аркы күнү кел, мына документти аке, тигини акел'-деп байкуш элдин канын ичип бүтөсунор го. Кайран өкмөт иштебей эле кашасы чыгып олтурат.
+2
Asel1Aikol
2017-12-22 03:37:26
Бергенинер башка өлкөлөрдүн акча ындай эмес болгону 500 сом ( бул да болсо Кудайыма шүгүр бирок өкүнүп кетесин да )! Анан ошол беш жүз сомду бериш үчүн элди ары бери кылып тажаттынар го
+1
Ayida
2017-12-22 15:40:24
Ошондо эмне телевизору бар жашоосу жакшылар жолок пул албай калатбы 4 баласы болсо деле ?Мурунку мыйзам боюнча калса? Тушунгондор жазып койгулачы
0
dina
2017-12-22 18:13:01
Монгу бузмай, жер сатмайга келгенде 2 жумада эле чечип койчунар элего)) эми ошо жарыбаган 700 калабы же 500 калабы же баары отменабы деп кутуп 3 ай отурат экенбиз го) соз жок.
0
nuka77
2017-12-23 17:39:25
Аябай суйуунуп жаттым эле, аз да болсо тамак ашка жарап турат экен деп. 3 Жашка чейинки балдарга берсенер жакшы болмок, иштебей уйдо отурсан аябай кор болуп калат экенсин. Мисалы мен жолдошум экообуз мугалимбиз. Азыр мен уйдо декретте, жолдошум он мин айлык алат. Аны кварт платага толойбуз, садике беребиз , тамак аштан артпайт, нары-бери чоюп аран жеткизебиз. 4 балабыз бар, баары кичине улуусу 4 жаш, анан 2,5 жаш, анан эгиздер 10 ай. Бизге окшогон жаш эрмек уй-булоолорго жакшы эле жардам болмок.
0
nuka77
2017-12-23 17:46:16
3 жаштан 16 жашка чейинки ар бир эле балага 500 сомдон болуштурсонор болмок, эч ким каршы да болмок эмес. Ал эми жалан балдардын поссобиясын карап отургандар уялбайсынарбы. Ошондо силерди балдарынар багабы, силер балдарды бакпай эле.Ар кандай уй-булоолор бар, бири иштесем балдардын поссобиясын албай калабыз деп иштешпейт, бири гос. жумушта эмес жекече бизнес менен иштеп алып жаткандар да бар. Ошондуктан баарына тегиз каралып, тегиз берилсин балдардын поссобиясы деп айткым келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан