Австралиянын Мельбурн шаарында белгисиз адам жолтандабас менен жөө адамдардын тобун тебелетип кетти. Кырсыктын жыйынтыгынан 19 адам жабыркаган. Мындай маалыматты дүйнөлүк жалпыга маалымдоочу каражаттар жазып чыгышты.
The Daily Telegraph басылмасы билдиргендей, окуядан соң 14 адам олуттуу жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Алардын арасында жаш балдар да бар. Алардын абалдары оор болууда.
Окуя "Флиндерс-стрит стейшн" темир жол бекетинен алыс эмес аймакта катталган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымына караганда, жолтандабастын айдоочусу алдынан чыккандын баарын эле тебелетип кете берген. Ал атайын адамдар көп өтүүчү жолдордун кесилишин тандаган. Окуя болгон жерде болжол менен 50дөй адам болгон. Маалымат каражаттарына жергиликтүү полиция унаанын айдоочусу кармалгандыгын билдирди.
Азырынча укук коргоо органдары бул окуяны терроризм катары сыпаттоого болобу же жокпу, иликтеп жатат. Буга чейин Европада автоунаалар менен адамдардын тобун тебелетип кетүү окуялары бир нече ирет катталып, алардын көпчүлүгү террордук багытта жасалгандыгы аныкталган.