Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пул, сүйүнчү пул боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова сунушталган мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.
"27-июлда мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Бул мыйзамдын абдан жакшы жактары бар. Анда жөлөк пулду учурда 300 миңдей бала алып жатса, жаңы мыйзам боюнча 660 миңдей бала алып калат.
Учурда нормативдик база иштелип жатканда бир кемчиликтер байкалды. Анда 30 миңдей бала жөлөк пул ала албай калат экен. Бул "үчүнчү баладан баштап жөлөк пул алып калат" деген нормага туура келип жатат. Ошондуктан өкмөт сүйүнчү пул боюнча норма иштей берсе, калган жаңы өзгөрүүлөр боюнча үч ай убакыт сурап жатабыз", - деди Исакунова.
Министр 5-6 баласы бар үй-бүлөлөр да биринчи, экинчи баласы үчүн жөлөк пул албай калышы мүмкүндүгүн айтып, бул норманы иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.