Депутат Сулайманов эмгек жана социалдык өнүгүү министрин кызматтан кетирүүнү сунуштады

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пул, сүйүнчү пул боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анда депутат Алтынбек Сулайманов ("Бир бол") сүйүнчү пул боюнча мыйзам туура эмес кабыл алынганын айтты.

"Биз бүгүн бул мыйзамды туура эмес кабыл алганыбызды билип, түшүнүп отурабыз. Колунда барлар, байлар эмне үчүн мамлекет кыйналып жатканда, жөлөк пул алышы керек? Министр ушул мыйзам кабыл алынганда унчукпай ушул жерде отурган. Азыр үч ай убакыт сурап отурат. Үч ай эмес, алты ай убакыт берели, министр бул кемчиликти жойсун. Эгер колунан келбесе, министр кызматтан кетсин. Азыр талкууну токтотолу", - деди Сулайманов.

Ал эми депутат Чыныбай Турсунбеков бул мыйзамды талкуулоо зарыл экенин айтты. "Мыйзам боюнча калк арасында нааразычылыктар, түшүнбөстүктөр бар. Митингдер болду. Эл билсин", - деди Турсунбеков.

"Бул популистик мыйзам болгон. Митингге чыккандар бир-эки баласы барлар. Министрге убакыт берели. 6 ай ичинде бул кемчиликтерди жойбосо кызматтан кетирели. Эмне кыласыңар мындай министрди?" - деди Сулайманов.

Ошентип депутаттар талашып-тартышып отуруп, мыйзамды талкуулабастан добуш берүүгө жиберди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saparu
2017-12-21 17:25:25
Жолок пул тегиз берилишин каалайм жаны мыйзамынар туура эмес
+1
saparu
2017-12-21 17:34:34
Биздин айылда 50 дон ашык уй було жашайт баары жолок пул алат жаны мыйзам ишке кирсе ошолордун 10 го жетпегени кана алып калат экен бул туура эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан