Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пул, сүйүнчү пул боюнча мыйзам долбоору каралды.
Өкмөт мыйзамдагы чабалдыктарды жолго коюу үчүн үч ай убакыт сураган. Депутат Алтынбек Сулаймановдун ("Бир Бол") сунушу менен өкмөттүн демилгеси талкуусу жок добуш берүүгө жиберилди. Бул чечимден кийин депутаттар эки жээкте бир топко чейин кайым айтышты. Чыныбай Турсунбеков (КСДП) талкуусу жок бул маселени өткөрүп жиберүүнү парламент үчүн "уят иш" деп атады.
"Акыркы кездерде коом катуу талкуулап, эч суукка карабай чыгып ачкачылык жарыялап жаткан маселени талкуусу жок эле ураалап өткөрүп жиберген өзү абдан уят иш. Биз эл өкүлү катары баарын ачыкка чыгарышыбыз керек эле. Эмне үчүн бийликтин үч бутагы жайында ураалап, колду толгоп, керек болсо саясий чечим кылып кабыл алган мыйзам бүгүнкү күндө келип кайра токтотууга туш болуп жатат. Биз кичине талкуулап койсок, эл да туура түшүнүп калат эле", - деди Турсунбеков.
"Экинчиден, "ошол митингди уюштургандардын артында бийлик өкүлдөрү турат" деген сөздөр тарап жатат. Гезитке жаздыргандардын артында Ак Үйдөгү айрым саясий аткаминерлер турат деген сөздөр чыгып жатат. Келгиле, ошол сөздөрдүн баарын ушул жердеги президенттин өкүлү болобу, өкмөттүн өкүлүбү, тактап эл алдына ачыкка чыгаралы. Эмне үчүн коомдун тынчтыгын бузуп, ушак тараткандар Ак Үйдө отурушу керек? Эмне үчүн биз ошондой маселелерди Жогорку Кеңеште ачык талкуулай албайбыз? Биз, эмне, Жогорку Кеңеш жөн эле кол көтөрүп берип же "кнопка" басып бере турган материалдык орган болуп калдык беле?" - деп нааразы болду Турсунбеков.