Жанар Акаев Сапар Исаков элден кечирим сурашы керектигин айтты

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пул, сүйүнчү пул боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутаттар сүйүнчү пул жөнүндө мыйзамындагы кемчиликтерди жоюуга үч ай убакыт берүү демилгесин талкуусу жок добуш берүүгө жиберишти. Бул чечим эл өкүлдөрүнүн эки жээкке бөлүнүп кайым айтышына себеп болду.

Депутат Жанар Акаев өкмөттүн чабалдыгынан депутаттар жек көрүнүп жатканын айтты. "Кечинде жаңылыктарды көрсөңүздөр Жогорку Кеңеш жөлөк пулду берүүнү үч айга кечиктирди деп көрсөтүшөт. Үч ай мурун биз колдоп бергенбиз. Бирок өкмөт маалыматтык кампанияда бизди күнөөлөйт. Премьер-министр Сапар Исаков кандай жоопкерчиликти алды? Министрди кызматтан алдыбы? Элдин алдына барганда биз эртең эмне дейбиз? Ошондуктан Сапар Исаков өзүнүн жоопкерчилигин сезип элдин алдында кечирим сурасын", - деди Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Karban86
2017-12-21 18:28:01
Сенден бир нерсе чыгатко
+9
suban78
2017-12-21 19:21:10
Один в ПОЛЕ не воин деген чын да. Жанар Акаев жакшы сунуштарды айтат, колдоо жок да. Бир эле Шералынын чокоюн илип алалы дегени мени ойлондурган да. Мен да жогорку кенешке чоон монитор илип кыргыздардын кыйын жашоосун, Россиядагы мигранттардын иштеп жургондорун корсотуп илип коюш керек деп ойлогон элем.
+14
akonia
2017-12-22 00:09:32
Жаш иштей турган бала шанс жок да
+4
mir777
2017-12-22 00:15:02
Мужик
+3
portugalia
2017-12-22 00:17:57
Келечекте коп жакшы иштерди жасайт Кыргызстан учун.
+3
Ferdews
2017-12-22 01:56:04
Курч бала, бирок эртен муну дагы жок кылышпаса болду
+1
Aznazalai
2017-12-22 12:03:55
Балашка катуу чыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан