Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга мамлекеттик жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Анда КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова 1-январдан баштап мыйзамдын күчүнө киришин жана аткарылышын талап кыла турганын айтты.
"Буга ким жооп берет деп жатасыздар. Мыйзамдын автору катары мен жооп берем. Ал эми колдоп берген парламент жана өкмөт жооп берет. Байдын баласы, кедейдин баласы деп бөлбөш керек. Ар бир баланы коргоо зарыл. Бул мыйзам толук кандуу өткөн. Мен 1-январдан тартып ушул мыйзамдын күчкө киришин, аткарылышын талап кылам. Энелер балдарын көчөгө таштап жатса, аталар тепкилеп, өкмөт жөлөк пулду токтотсо, бизге өзү бала керекпи деген суроо жаралат", - деди депутат.
Эске салсак, Нарын шаарынын тургундары жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө нааразычылыгын билдирген.
Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.