SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыздардын кемчиликтери жана артыкчылыктары кайсылар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Эмнеге биз башка улуттардай болуп бири-бирибизге жардам берип, бири-бирибизди колдой албайбыз? Эмнеге өзүбүз кичинекей мамлекет болуп туруп түндүк-түштүк, уруу деп бөлүнөбүз? Буга ким күнөөлүү? Эмнеге бир кыргыз чоң ийгиликтерге жетишип дүркүрөп жатса аны көрө албай бутунан сүйрөп түшүрүп коёбуз? Бул эмне кыргыз калкынын канындагы мүнөзүбү? Сиздердин оюңуздарча кыргыз калкынын кемчиликтери көппү же артыкчылыгыбы?" - деген суроосун калтырган.
Темага колдонуучулар төмөнкүдөй пикирлерин калтырышкан:
"Кыргызым тайманбастыгы, эр жүрөктүгү менен айырмаланып турат. Кемчилигибиз - биримдиктүү эмеспиз, качан болсо бөлүнгөнүбүз бөлүнгөн".
"Кыргыздын артыкчылык сапаты бир нерсени тез кабыл алганында. Жакшыны деле, жаман нерсени деле тез эле үйрөнүп алат".
"Терс сапаттарыбыз - жалкоолугубуз жана ишенчээктигибиз. Жакшы сапаттарыбыз - карапайым, ичинде кири жок, жөнөкөй калк келебиз. Терс сапаттарыбызды жойгонубузда, балким, экономикасы өнүккөн алдынкы өлкөлөрдүн катарын толуктамакпыз".
"Кыргызымдын артыкчылыгы өзүнүн кемчилигин көрө билгенинде. Кемчилиги - өзү аны көрүп-билип, баамы жетип турса да оңдоого аракет кылбаган жалкоолугунда".
"Эмнеси болсо да кыргызбыз да" деп көп нерсеге кайдыгер караганыбыз кемчилик го дейм. Ал эми артыкчылыктар толтура".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.