Ош шаарында жайгашкан №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 9-филиалы тууралуу иш азыркы тапта Жогорку сотто каралып жатканын, эгерде мекеме Ош шаарындагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өтсө ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө турганын SUPER.KG порталына Ош шаарындагы Саламттыкты сактоо министрлигинин координатору Абды Шамшиев билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 2005-жылы жеке менчикке сатылып кеткен. Буга байланыштуу ал жакта бир канча жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүрө элек.
"Биз бул имараттын мыйзамсыз сатылып кеткендиги тууралуу арыз менен сотко кайрылганбыз. Азыркы тапта аталган мекеменин иши Жогорку сотто каралып жатат. Эгерде сот чечимди биз тарапка чечип берсе, жакынкы арада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөбүз", - деп билдирди Шамшиев.
Ошондой эле, эгерде сот имаратты анын азыркы ээсине чечсе, анда Ош шаарынын мэриясы аны сатып берүүгө даяр экенин билдиргенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, SUPER.KG`нин "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Ош шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 9-филиалы талашка түшүп, эки жактын ортосундагы тартыштан улам абалы каралбай калды" деген билдирүү жөнөткөн.