Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Жогорку Кеңеш 21-декабрда Улуттук банктын төрагалыгына Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган.
Ал 2014-2017-жылдары Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келсе, 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, андан кийин вице-премьер-министр болуп иштеп келди.
1997-2003-жылдары экономист, улук экономист, Улуттук банктын Инвестиция жана техникалык жактан координациялоо дирекциясынын жетектөөчү экономисти;
2005-жылы Улуттук банктын каржы бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти;
2005-2006-жылдары аталган банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти;
2006-2007-жылдары "Маалыматтык келечек" коомдук комитетинин директору;
2007-2008-жылдары Чыгыш Европа жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы департаментинин кеңешчиси;
2008-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинде экономика кафедрасынын улук окутуучусу;
2008-2009-жылдары президенттик администрациянын экономика жана социалдык-саясий экономика бөлүмүнүн эксперти;
2009-2010-жылдары Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин стратегия жана программа кызматынын жетекчиси;
2010-жылы Экономиканы жөнгө салуу министрлигинде статс-катчынын убактылуу милдетин аткаруучусу;
2010-2014-жылдары өкмөттүн аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
2014-2017-жылдары Улуттук банктын төрагасы;
2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр;
2017-жылдын 23-ноябрынан 19-декабрга чейин вице-премьер-министр.