Министр Калилов: "23-декабрда Бишкек-Ташкент, 2018-жылы Ош-Ташкент аба каттамы жанданат"

2017-жылдын 23-декабрында Бишкек-Ташкент, 2018-жылы Ош-Ташкент аба каттамы жанданат. Бул тууралуу жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 21-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтканын президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда министр мамлекет башчыга коңшу мамлекеттер менен унаа, темир жолдору жана аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу, жол-транспорт секторун башкаруу системинде жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча маалымат берди. Ал эми Жээнбеков анын Өзбекстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосундагы транспорт логистикасын жандандыруу, ошондой эле “Кытай-Кыргыз-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору сыяктуу жаңы байланыш жолдорун ачуу боюнча макулдашууларга жетишкендигин эскертти.

Министр Жамшитбек Калилов “Кытай-Кыргыз-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча 2017-жылдын 25-декабрында Ташкентке үч тараптуу жолугушууларга адистер тобу жөнөй турганын, ал эми 27-декабрда министрлердин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуулар өтө турганын жана анда темир жол салуу боюнча бардык маселелер талкууланарын билдирди. Мындан тышкары Калилов 23-декабрда Бишкек-Ташкент туруктуу аба каттамы, 2018-жылы Ош-Ташкент-Ош аба каттамы жандана турганын кошумчалады.

“Транспорт маселелерин жөнгө салуу боюнча 2018-жылдын 25-январында өзбек тарап менен жолугушабыз жана бир пикирге келебиз деген ишенимдебиз”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан