2018-жылдын 1-январынан баштап электрондук ID-карттын баасы 320 сом болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Бул баа эски үлгүдөгү ID–карттын баасынан 110 сомго арзан.
"Жаңы жылда жаңы паспорттун баасы кымбаттай турганы боюнча коомчулукта ушактар тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт", - деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле 31-декабрдан тартып электрондук ID-картты акысыз берүү жана 1994-2004-жылдары берилген паспортторду жаңы үлгүдөгү паспортко акысыз алмаштыруу токтотулат. Буга байланыштуу калкты тейлөө борборлорунун жана калктын паспортун каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөртүлүүдө. Тактап айтканда, аталган мекемелер жыл аягына чейин дүйшөмбү күндөн жума күнгө чейин таңкы саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин, ишемби күндөрү саат 10:00дөн түшкү 14:00гө чейин иштейт. Ошондой эле кызматкерлердин түшкү тыныгуусу жарым саатка кыскарганы маалым болду.