"Республика-Ата Журт" кыргыз тили жана мигранттар маселелерин талкуулайт

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн тартибине эки маселе киргизилген.

Мамлекеттик тилдин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча баяндама жасоого Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чакырылган.

Ал эми ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүнүн учурдагы абалы, эмгек миграциясы тармагындагы мыйзамдарынын аткарылышы боюнча баяндаманы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев жасамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан