Жогорку Кеӊеш "2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Маалым болгондой, ЕАЭБдин Бажы кодекси биримдиктин курамына кирген мамлекеттердин бажылык жөнгө салып, алардын аракеттерин жол-жоболоштуруу менен бирге, бажы иштери боюнча өз ара мамилелерди жөнгө салчу башкы документ болуп саналат.
Экономика министри Артём Новиковдун айтымында, Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет.
"ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Анын алкагында электрондук "бирдиктүү терезе" усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, ишти кыйла жеӊилдетет", - дейт министр.
Депутаттар Бажы кодексинин товарларды башка өлкө чегине өткөрүү, чек аралардагы тыгындардан арылтуу жүрүмүнө тийгизе турган таасирине кызыгышты.
"ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Азыр чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, ал 4 саатка чейин кыскарат", - деп жооп берди Новиков.