Эски жылды узатып, Жаңы жылды тосуп алар алдында майрамга болгон даярдык өлкөнүн бардык аймактарында кызуу жүрүп жаткан кези. Бул майрамдын башкы белгиси катары каралган балатылар өлкөнүн кайсы дубанында кандай жасалгаланды? SUPER.KG порталы ар бир облустун борборлоруна орнотулган балатылардын сүрөтүн топтоду.
Бишкек
Борбор калаабыз Бишкекте Жаңы жылды тосуп алууга даярдык кызуу жүрдү. "Ала-Тоо" аянтында бир жума бою орнотулуп жана кооздолгон эң негизги балатынын бийиктиги быйыл 25 метрге жеткен. Расмий түрдө балатынын чырактарын жандыруу аземи 15-декабрда өттү. Улуттук колориттеги оймо-чиймелер менен кооздолгон токой сулуусунун айланасында көптөгөн жаңы жылдык композициялар орнотулган. Жалпысынан шаарды майрамга карата жасалгалоого 15 миллион 500 миң сом сарпталган. Анын ичинен балатыны кооздоого 1 миллион 200 миң сом жумшалган. Ошондой эле ар бир мекемеге өзүнүн аймагын майрамга кооздоого тапшырма берилип, мэрия тарабынан сынак жарыяланган. Мындан сырткары соода борборлорунда жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын алдына балатылар орнотулган. 31-декабрь күнү борбордук аянтта күндүзү жана кечинде майрамдык оюн-зоок концерттер өтөт. Кечинде уюштурулган концерт түнкү саат 12де атылуучу майрамдык салют менен аяктайт.
Ош
Түштүк борбор аталган Ош шаарында быйыл өлкөдөгү эң бийик балаты орнотулду. Бул токой сулуусунун бийиктиги 30 метрге жеткен. Өзүнүн кооздугу жана бийиктиги менен көздүн жоосун алган балатынын чырактарын жандыруу 20-декабрда өткөн. Балатыны жана Ош шаарынын борбордук аянтын жасалгалоо үчүн 1 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми 31-декабрь күнү борбордук аянтта оюн-зоок иш-чаралары жана концерттик программа болот. Оюн-зоокторго активдүү катышып, жеңүүчү аталган тургундарга баалуу белектер берилет.
Каракол
Кереметтүү көл жергесинин Каракол шаарында майрамдык салтанат менен кечээ, 21-декабрда борбордук аянтта орнотулган балатынын чырактарын жандыруу аземи болуп өттү. Бул балатыны орнотуп кооздоого жана шаардын борбордук аянтын жасалгалоого 1 миллион 88 миң сом жумшалган. Анын бийиктиги 21 метрди түзөт. Балатынын чырактарын жандыруу аземи концерт менен коштолуп, шаар тургундары үчүн дискотека уюштурулду.
Нарын
Бийиктиги 15 метрге жеткен балатыны быйылкы жылы теңир-тоолуктар борбордук аянтка орнотту. Башка шаардагы балатылардан айырмаланып тоодон кыйылып келинген балатыны жана шаарды майрамга карата кооздоого 200 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн 31-декабрда оюн-зоок коштогон чакан программадагы концерт болуп өтөт.
Баткен
Баткен шаарында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери 21-декабрда башталган. Быйылкы жылы Баткенге балаты Орусиядан алынып келген. Майрамдын символунун бийиктиги 15 метрге жетип балатыны жана ал орнотулган аянтты кооздоого 123 миң сом бөлүнгөн.
Талас
Баасы 16 миң сомду түзгөн балаты Талас шаарына орнотулуп жатат. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл шаардын борбордук аянтына орнотулган балаты кыйылып келген. Балатыны жана аянтты кооздоого жергиликтүү бюджеттен 95 миң сом бөлүнгөн. Азыркы тапта балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Балатынын чырактарын жандыруу аземи 25-декабрда өтөт.
Жалал-Абад
Быйыл Жалал-Абад шаарын Жаңы жылга жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен жалпы 650 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка шаардын үч жерине балаты орнотулуп жана "Эркиндик" аянты жасалгаланган. Орнотулган балатынын бийиктиги 20 метрге жетет.