Орусиянын Ярослав облусундагы менчик мектептердин бириндеги мугалим 14 жаштагы окуучунун чекесине "даяр эмес" деп жазган. Орусиялык басылмалар жазгандай, мугалим окуучунун чекесине жазып жатканда ал кыймылдабай турушу үчүн башка балдар анын колун кармап турушкан.
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына бул кабарды облустук прокуратура таратып, өспүрүмдүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген экендигин билдирген. Окуучу мугалимдин бул жоругунан кийин башка мектепке которулуп кеткен.
Маалыматта жазылгандай, окуя ушул жылдын октябрь айында орус тили сабагында болгон. Өспүрүмдүн чекесине жазган мугалим бул боюнча: "Ал окуучу менин колума абдан ачууланып жаткан учурда туш болгон. Ал өзү көптөн бери сабакка даярданбай келип, сабакта тартипти бузуп, мугалимге тоскоолдук жаратып, күндөлүгүн бербей, сабактарды калтырып жүргөн", - деген.
"Бул боюнча прокурорлор текшерүү жүргүзүп, окуучулардын укугун жана эркиндигин мыйзамсыз чектеп жана бузгандыгы үчүн окуу жайдын директоруна карата административдик иш козгогон. Ал эми райондук прокурор мугалим жана окуу жайдын жетекчилиги өспүрүмгө келтирилген моралдык зыян үчүн компенсация төлөсүн деп арыз жөнөткөн. Учурда Ярослав облустук тергөө комитет башкармалыгы Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (Өспүрүмдөрдү тарбиялоодо өз милдетин аткарбагандык) боюнча иш козгоо маселесин карап жатат", - деп жазылат маалыматта.