“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Жыргалбек Турускулов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын иши кагаз түрүндө калып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда аталган фракциянын жыйынында билдирди.
“Мамлекеттик мекемелерде иш кагаздардын 64 пайызы расмий тилде жүргүзүлөт. 2014-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча президенттин атайын жарлыгы чыккан. Үч жарым жыл өттү, эч өзгөрүү жок. Балдарыбыз мектепке, бала бакчага барышат. Алардын кыргыз тилине басым жасаганын көрө элекпиз. Аталган комиссиянын иши кагаз түрүндө эле калып жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн орто эсеп менен жылына 200 миллион сом бөлүнүп жатыптыр, үч жарым жылдан бери алгылыктуу иш жасап койсо болот эле да. Тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан, мектептен башташ керек", - деди депутат.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу мамлекеттик мекемелерде жыйындардагы протоколдор расмий тилде жүргүзүлө турганын айтты.
“Бала бакчаларда, мектептерде кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз иштешип жатабыз”, - деди комиссиянын төрагасынын орун басары.
Тилди өнүктүрүүгө бюджеттен бөлүнгөн акчанын бир канча бөлүгү гана комиссияга бериле турганын эскертти. “Комиссияга 2015-жылы 4 миллион 750 миң сом, 2016-жылы 7 миллион сом, 2017-жылы 8 миллион сом бөлүнгөн. Кээ бир учурларда айрымдар тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын баарысы комиссияга бөлүнөт деп түшүнүшөт”, - деди Медербек Аким уулу.