Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен 25-26-декабрда Казакстанга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен 25-26-декабрда расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

"Иш сапардын алкагында тар чөйрөдө жолугушуу жана кеңейтилген сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки өлкөнүн лидерлери Кыргыз-Казак мамилеси жана ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 30-ноябрда өлкө башчыларынын Минсктеги жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн өкмөттөрү бажы, салык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл боюнча жол картасына кол коюшкан. Бул жолугушууда кол коюлган жол картасын натыйжалуу ишке ашыруу маселелери талкууланат", - деди Субакожоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан