Депутат Закир Шарапов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Закир Шарапов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик тилге 3-4 жылдан бери эле көңүл бурула баштады.

"Маркум Эгемберди Эрматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгондо кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурула баштаган. Тилди өнүктүрүүгө каражаттар бөлүнүп жатат. Бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу зарыл. Маалымат боюнча бул акчага бир топ жазуучулардын китептери чыгыптыр", - деди ал.

Ошону менен катар эле ал аталган комиссияга мамлекеттик тил боюнча телеканалдарга программа ачууну сунуштады. Депутат латын арибине өтүү маселесин дагы карап көрүү керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан