Борбордук бажынын башчысы болуп корей улутундагы Ким Ин Сен дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысына Ким Ин Сен дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда SUPER.KG'ге аталган мекемеден тастыкташты. Ал буга чейин бажы төлөмдөр боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Аталган кызматты Ким Ин Сенге чейин Султан Мамасадыков жетектеп келген.

Ким Ин Сен 1978-жылы 7-сентябрда Фрунзе шаарына төрөлгөн.

1993-1996-жылдары Казань шаарындагы Суворов аскердик окуу жайында, 1996-2001-жылдары Улуттук университетте бажы багыты боюнча билим алган. 2001-2004-жылдары Улуттук университеттин юриспруденция адистиги боюнча сырттан окуган.

Эмгек жолу:

2001-2011-жылы "Түндүк" темир жол бажысында көзөмөл бөлүмүнүн инспектору, ага инспектор;

2011-2013- жылы Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын Бажы процедураларынын методологиясы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, жетекчиси;

2013-2014-жылы Бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2014-2015-жылы Бажы көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2015-жылы Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисинин орун басары, Жалал-Абад бажысынын жетекчисинин орун басары;

2016-2017-жылы Кесиптик жана кинологиялык даярдык борборунун окууну пландоо секторунун жетекчиси;

2017-жылы Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан