Жогорку Кеңеште чет өлкөдөгү мигранттарга арналган парламенттик угуу өтүүдө

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеӊеште cоциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.

"Биздин комитет 2017-жылдын 11-декабрында депутат Каныбек Иманалиев жетектеген жумушчу топтун "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу" мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жөнүндө отчётун угуп, аны кеӊири талкуулоо максатында парламенттик угуу өткөрүү чечимине келген болчу", - деди комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова.

"Ушул тапта чет өлкөдө 700 миӊден ашуун, анын ичинде, Орусияда 640 миӊ мекендешибиз бар. Алар 2017-жылы өлкөгө 2 миллиард доллар каражат которуу менен, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө, калк турмушунун жакшыруусуна өз үлүштөрүн кошуп жатат", - дейт вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Белгилей кетсек, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан эмгек мигранттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу мыйзамдын долбоору курамына Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, Төрөбай Зулпукаров, Кубанычбек Туманов, Дастан Бекешев, Өмүрбек Бакиров кирген депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, 2013-жылдын 3-августунда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ask094
2017-12-22 13:44:11
Баары жалган. Россияда бир да жардам коргозулбойт посольство тарабынан. Менин досума юрист керек болуп москваданы посольго барса 80 мин рубль сураптыр. Кийин 12 минге орус юрист жалдаган
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан