Депутат Бактыбек Райымкулов: "Кыргыз тилин билбеген бир дагы жаран жетекчилик кызматка барбаш керек"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов кыргыз тилин билбеген жаран жетекчилик кызматка барбаш керек деген чечим кабыл алуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

"Тажикстанда орустар тажик тилинде сүйлөшөт. Бизде болсо орусча чала сүйлөгөндөргө күлөбүз да, кыргызча чала сүйлөгөндөргө унчукпайбыз. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси ким деп сурасам ушул жерде отургандар билбейт. Бул кызматка кыргыз тили үчүн күйгөн адам барышы керек. Мамлекеттик тилди билбегендер жетекчилик кызматка барбасын деп сунуштайт элем", - деди депутат.

Учурда жыйында президенттин "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы тууралуу каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан