"Кумтөрдөн" жылына өлкөгө 11 миллион доллар түшсө, мигранттарыбыз өз өлкөсүнө 2 миллиард доллардан ашуун каражат которууда", - деди депутат
Каныбек Иманалиев бүгүн мигранттарга арналган парламенттик угууда.
"Эмгек мигранттарыбыз биздин башкы инвесторубузга айланды. Миграция кызматы да мигранттарга колдоо көрсөтүү жаатында туура иш алып барып жатканы байкалды. Ырас, азыр анын чамасы чакталуу, бирок аракети бар. Мына, айтылуу "Кумтөр" долбоорунан жылына 11 миллион доллар өлчөмүндө каражат түшсө, мигранттарыбыз өз өлкөсүнө 2 миллиард доллардан ашуун каражат которууда. Эмгек мигранттары азыр өсүп-өнүгүүнү алып жүрүүчү катмар катары таанылууда. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн цивилдүү жакшы нерселерди алып келип, ал биздин кыртышта өсүп-өнөрү бышык. Ошондуктан биз эмгек мигранттарына карата мамлекеттик саясатты өзгөртүп, аларга жакындан колдоо кылышыбыз керек", - дейт Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.