Бишкек шаардык кеңештин айрым депутаттары 350гө жакын автобусту насыяга алууга каршы болуп жыйындан чыгып кетишти

Бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаардык кеңеште Орусиядан газ менен жүргөн 350 автобусту 3,5 миллиард сомго насыяга сатып алуу боюнча токтом долбоору кабыл алынды. Бирок токтомго "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары каршы болуп жыйындан чыгып кетишкенин SUPER.KG'ге шаардык кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган автобустарды сатып алуу үчүн каражатты "Газпромбанк" 12 пайыз үстөк менен берет. Аны төлөө 2019-жылдан 2025-жылга чейин жүргүзүлөт.

Шаардык кеңеште 5 фракция бар. Коалицияга КСДП (13 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (7 мандат), "Өнүгүү-Прогресс" (8 мандат) жана "Кыргызстан" (5 мандат), "Республика-Ата Журт" (12 мандат менен оппозицияда) фракциялары кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shekeev969798
2017-12-22 13:48:31
Карызга алгандан коро албай койуш керек
+1
TalaCSKA
2017-12-22 14:21:09
Бир автобус 10 миллион болсо жылына усток пайызы менен жети жылда 18400000 ге чыгып кетет кунуно уч мин киреше тапкан кундо да жети жылдан кийин 11 мллиондон ашык киреше алып келиш керек ар бир автобус ал учун дагы 12 жыл керек эмне гарантиясы 20 жыл экенби ?
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-22 14:27:38
Ушул ата журт деген фракция бишкекти автобус менен камсыздайм деп шайлоодон отту эле жетимдер
-3
Azatbek83
2017-12-22 14:36:34
Bolunbo.kyrgyz,Сен окуганда тушундунбу?Адашпасам туура эле каршы чыгышып чыгып кетишкенго дейм эмне кылат карыз алып эртен алар эмес карапайым калк толойт!!
+1
KUBI
2017-12-22 15:00:27
2020-жылы акча жаай тургансып эле карыз ала берет.Биягын толоп алгылада.
+2
eldar96
2017-12-22 15:04:02
Кереги жок. Байкап корсом пайдасынан зыяны коптой.
+2
Syn4y
2017-12-22 15:30:23
Бир автобус 142 миң доллар. 3 автобустун баасы го
+1
talaa11
2017-12-22 21:38:16
Жанды кашайттыго ушу жепжутарлар Кыргызстанды таптакыр карызга батырып сызга отургузуп буттуго деги качан тойот ушул чочколор чекеден мууздай берсе Тоок сойгондой кылып
0
33SUUN
2017-12-22 22:04:19
talaa11,коркунучтуу создорду жазганга болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан