Кубат Оторбаев: "Чет өлкөдөгү мигранттар көп жашаган шаарларга Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүн ачыш керек"

"Чет өлкөдөгү мигранттар көп жашаган шаарларга Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүн ачыш керек", - деди акыйкатчы Кубат Оторбаев мигранттарга арналган парламенттик угууда.

"Өткөн жылы жазында депутаттарга чет өлкөдөгү мекендештер көп жашаган аймактарга Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүн ачыш керектигин сунуштаганбыз. Ага карабай Жогорку Кеңеште ар кандай пикирлер болгон. "Бул миграция кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин иши, силер киришпегиле бизде бюджет тартыш каражат жетишпейт" деген пикирлер айтылган. Акыйкатчынын бир орун басары мигранттар боюнча иштейт. Алардын айлык акысын, жаткан жерин, жашоо-турмушун чечип берсе деп суранат элек", - деди Оторбаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2017-12-22 15:02:39
Эшек такалап журосунорбу,канчалаган мигранттар департ болуп кетишти маалыматтын жетишсиздигинен. Кайра кирип атышат аты жонун озгортушуп
0
almanbetperm
2017-12-22 15:06:42
Конкреттуу боло турган иштерди жасаш керек, соке брат эки кундун биринде барган жери Москва болуп калды,элди качан ойлойт мындай журушто
0
kechirmeni
2017-12-22 15:07:49
элчилик эле чечип койсо болот эле ушул маселени.Алар болсо отурат аталасы чыгып сен мага тийбе мен сага тийбейм деп аты эле бар. Колунан б.. келбейт. Арызданып барсан б.... да чечпейт
+4
nura.177
2017-12-22 19:11:10
Элчиликти жаап алып кетип калгылачы, ансыз деле иштешпейт
+1
HAKER-KG
2017-12-22 19:36:33
Туура мен дагы кошулам элчилик иштебейт чондор угуп калса ишенбесенер жонокой кийинип кирип коргуло Президент айтмакчы чык эшикке кайра башынан кир дейт же эки кундон кийин кел деп эле айтат туурабы коргон иши тушкондор андан коро кичине орус адвокатка акча чечип берет иштеринди
+1
Дарыгер
2017-12-23 00:44:16
Эмнени кыйратмак элен. Кыргызстанда жакшына иштеп алчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан