Бүгүн, 22-декабрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында президенттин "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыгынын аткарылышы тууралуу каралып жатат.
Анда филология илимдеринин доктору, профессору Замира Дербишева кыргыз тилинин өнүкпөй жатканы орчундуу маселе экенин айтты.
"Ушул жерде отургандар жогорку билимди орус тилинде алышкан. Мамлекеттик тилди үйрөтүүгө көп көңүл бурулат дагы, жайылтууга көңүл бурулбайт. Кесиптик чөйрөдө кыргыз тили өнүкпөй жатат. Себеби жогорку окуу жайларда окутуулар расмий тилде өтөт. Анткени илимий китептердин көпчүлүгү орус тилинде болуп жатат. Улуттук китепканада 90 пайыз илимий китеп расмий тилинде болууда. Китептерди, окуу куралдарды кыргыз тилине которуу керек", - деди ал.