"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборун таракандардан тазалоо иштери жүргүзүлүп турат" дейт башкы медайым

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда тазалоо иштери өз убагында жүрүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда SUPER.KG порталына аталган борбордун хирургия бөлүмүнүн башкы медайымы Салтанат Баймурзаева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдө 3 айда бир жолу атайын адистерди чакырып таракандарды жок кылуу иштери болуп турат.

"Биздин бөлүмдө апта сайын жалпы масштабдагы жыйнап-тазалоо иштери жүрүп турат, ошондой эле күн сайын үч жолу санитаркалар полдорду жууп, палаталарды жана жалпы бөлүмдү иретке келтирип турушат", - деп билдирди Баймурзаева.

Мындан сырткары бейтаптар палаталардан кеткен сайын алар жаткан жана буюмдарын сактаган шкафтар дезинфекцияланып, тазаланып турарын кошумчалады.

"Таракан жок дебейм, бар. Бирок биз аларды жок кылуунун болгон аракеттерин көрүп келебиз", - деди башкы медайым.

Эскерте кетсек, SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун хирургия бөлүмүндө санитардык көзөмөл жок", - деген маалымат жарыяланган. Анда окурман аталган мекемени таракан каптап кеткенин билдирип, сүрөт жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ermekbai
2017-12-22 13:53:23
Тазалык болбогон жерде таракан жүрөт актанбаңыз
+1
kuba1985
2017-12-22 13:59:00
Эне баланы коргоо борборунда Неврологияда абалы оор балдары менен ата-энелер жууйт палатаны. Судороги , эпилепсия , ДЦП балдары н жаткырып коюп.
0
Kemel87
2017-12-22 14:29:25
Чындыгында таракандан кутулуу кыйын,Таракан жок кылчуу шпризди дубалга черта кылып чызып койсо 1 жумада озунон озу жок болуп кетет экен. Мен орусияда коп жердеги таракандарды ошентип жок кылганмын.
+1
kara-kul89
2017-12-22 17:24:19
Андай эмес мен да ошолжактамын тумбалардын Ичи бери жагыле эки ай болгон. Санитаркага айтсам Ким тазалаш керек деп.ал билбейм деди.ашкана толо .даже доктору аарчылбайт
+1
Benazir08
2017-12-22 19:54:28
Тазалык бсо эле таракан баспайт. Чиркин биз жинди жинди жууйбуз го оруссияда. Тазалыктын турун уйронуп атабыз го чиркин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан