Сооронбай Жээнбековдун 25-26-декабрдагы Астанага болгон иш сапары андан ары Москвага уланат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтуусу боюнча жумуш сапар Орусия тараптын чакыруусуна ылайык болот.
"Орусияда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын формалуу эмес жыйыны өтөт. Жыйында аймактык мүнөздөгү актуалдуу маселелер талкууланат", - деди Субакожоева.
Маалыматка ылайык, Орусия менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган эмес. Бул ирет көп тараптуу иш-чара болмокчу.