"Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыргыз тилин билбеген министрдин дайындалышы боюнча сунуш бериши керек болчу", - деп бүгүн, 22-декабрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Курманкул Зулушев билдирди.
Ал мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар 100 пайыз кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керектигин айтты. "Мекемелерде иш кагаздар 100 пайыз кыргыз тилинде жүрүшүн талап кылуу зарыл. Бир министр кыргызча билбейт. Аны Жогорку Кеңеш кемчилик кетирип шайлап берди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, кыргыз тилин билбеген адамды министрлик кызматына туура эмес дайындадыңар деп сунуш бердиңерби?" - деди депутат.
Аталган комиссиянын төрагасынын орун басары Медетбек Аким уулу саясий кызматтар үчүн мамлекеттик тилди билиши керек деген ченем жок экенин эскертти.