Бүгүн, 22-декабрда “Республика-Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомун, президенттин “2014-2020- жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгынын аткарылышын “канааттандырарлык эмес” деп тапты.
Бул тууралуу депутат Максат Сабиров сунуштады. "Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча токтом долбоордун аткарылышы тууралуу коомдук угуу уюштурулсун. 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы тууралуу 12-январга чейин фракциянын кароосуна кирсин. Бөлүнгөн каражаттарды толугу менен өзгөртпөй аталган программанын үзгүлтүккө учураганы боюнча жооптуу министрликтин, мекемелердин жетекчилерине чара колдонулсун", - деген чечим кабыл алышты.