Лос-Анжелестин тургуну "Apple" компаниясынын билдирүүсүнөн соң аталган ишкананы сотко берди

"Apple" компаниясы iPhone уюлдук телефондорунун эски моделдеринин иштөөсүн атайылап төмөндөтүп коё турганын ачыктаган соң Лос-Анжелестин тургуну аталган компанияны сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сотко берген тургун Штефан Богданович iPhone 7 үлгүсүндөгү уюлдук аппаратты колдонот. Анын айтымында, эски моделдердин иштөөсүн төмөндөтүү компаниянын жеке кызыкчылыгы үчүн ойлонуп табылган.

"Эски үлгүдөгү телефондордун иштөөсү начарлаган кардарлар жаңы үлгүдө чыгарылган аппараттарды сатып алышат. Муну менен компаниянын кирешеси көбөйөт. Компания мурда бул функцияны кардарлардан жашырчу", - деген ал.

Анын бул кайрылуусунан кийин Чикагонун дагы 5 жараны ушундай эле арыз менен сотко кайрылган. Алар компанияга бул функцияны көп жылдардан бери кардарлардан жашырып келгени үчүн нааразы болушкан.

Эске салсак, "Apple" компаниясы смартфондун аккумуляторунун жакшы иштөөсү жана тез эле өчүп кала бербеши үчүн iPhone уюлдук телефондорунун эски моделдеринин иштөөсүн атайылап төмөндөтүп коё турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2017-12-22 15:53:14
Туура кылышат сотко берип
+13
love_story
2017-12-22 16:13:17
Хе, хе менда берейин десем айфон эмес телефонум *)))
+12
Kirajsjk
2017-12-22 17:33:32
menda apple telefon alsambi dep jetpei jurgom
-3
Kirajsjk
2017-12-22 17:33:48
samsung jagat maga birok
+3
FCBMESSI
2017-12-22 19:16:58
Нокия эле жакшы болуп калды
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан