НТСтин жетекчилиги: "Телеканалдын мүлктөрү арестке алынды, редакция штаттык негизде иштеп жатат"

Учурда НТС телеканалы мүлктөрү толук камакка алынгандан кийин да штаттык негизде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда НТС телеканалынын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусуна караганда, сот аткаруучулар тарабынан камакка алынган НТС телеканалынын мүлктөрү НТС телеканалынын жетекчилигинин кепилдиги менен берилген. Буга байланыштуу НТС телеканалына камакка алынган мүлктөрүн колдонууга уруксат берилген. Ал эми телеканалдын юристи Амантур Абдырахматов учурда райондор аралык соттун аныктамасын жокко чыгаруу үчүн даярданып жатышканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан