Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандары Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп табылышына каршы

Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандары Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп табылышына каршы. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарында жайгашкан Максим Горький атындагы сейил багында өткөн тынчтык митингинде жаш активист жана митингдин уюштуруучуларынын бири Алтынбек Айтматов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар биримдиги жана дин башкармалыгы АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп жарыялаганына макул эмес экендиктерин билдирүү үчүн тынчтык митингине чыгышкан.

"Биздин максатыбыз Кыргыз мусулмандары Американын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таанышына каршы экенибизди билдирүү. Байыртадан бери мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген 3 шаардын бири болгон Иерусалим тууралуу мындай чечим чыгаруу дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын нааразычылыгын жаратып, Израиль менен Палестина аскерлеринин ортосундагы тирешти курчутуп жатат", - деп билдирди Айтматов.

Митингге укук коргоочулар, Кыргыз өлкөсүндө жашаган палестиналык студенттер жана бул маселеге кайдыгер карабаган жарандар чыккан.

Айта кетсек, кечээ, 21-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуштардын жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.

Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген.

Кыргыз мусулмандары Американын сунушуна каршы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ali-han
2017-12-22 17:58:32
Мен дагы каршы мын!
+14
trabzon11
2017-12-22 18:16:33
Менда каршымын.Иерусалим мусулмандардын шаары болуш керек.
+14
monok2001
2017-12-22 18:17:20
Бир индусту эле полестиналык студент деп коюптурго
-17
Bek4590
2017-12-22 18:21:04
Мен билбей калыпмын, билгенимде менда каршы болуп чыкмакмын.
+16
suban78
2017-12-22 18:29:12
Мага чын журоктон баары бир.
Кана чала молдолор в "атаку", баштагыла акылынарды.
-26
evra_kg
2017-12-22 19:37:54
Эмнеге он эле штук адам коп эле чыкса болбойбу
+6
bazar
2017-12-22 19:45:22
Башканы койуп өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калгандын аракетин көрөлүчү. Түндүк - Түштүк, "таза мусулман" жана "чала мусулман" болуп бөлүнүп жатабыз. Эчки өзү тууйалбай жатып койго арачы болуптур деген сөз бар эле
+3
Eksvp_1
2017-12-22 20:21:54
Кырылып калса да баары бир.Булар өзүнүн жери үчүн жанын аяган адамдар экен.
-10
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-22 20:28:42
биздин чондорго окшоп пымпыйып унчукпайле берип койбойбу талашып отурабы эртен озбектер келип вес ош биздики десе деле сатып жиберет бул кетиште
-3
Okna
2017-12-22 22:27:16
Озубуздо кооп ото чоон проблемалар турганда башкаларды сындаганды токтотолучу Кыргызстан коркунучта баратабыз Аллахым ОЗУ сактасын
-2
trabzon11
2017-12-23 00:45:05
Okna,Мусулмандар биримдиктуу
Болсо онугуу болот.
+2
Meruet84
2017-12-23 10:47:40
Мен дагы каршымын Палестинаны Израилдин борбору кылып бериштерине .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан