НТС телеканалынын жетекчилиги президент жана премьер-министрге телеканалдын тегерегинде болуп жаткан окуялар боюнча ачык кат жолдошту. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда НТС телеканалынын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусуна караганда, аталган ачык кат НТС телеканалынын эфири аркылуу жолдонгон.
"Биз өлкө жетекчилери президент премьер-министрге эфир аркылуу ачык кайрылуу жолдодук. Андан сырткары аталган кайрылууну кат түрүндө да жөнөттүк. Эми өлкө жетекчилиги телеканалдын тегерегинде болуп жаткан окуяларга көңүл буруп, реакция кылуусун күтүп жатабыз", - дейт Жайнак Үсөн уулу.